Билим берүүгө сарпталган чыгымдар социалдык өнүгүүнүн түйүндүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат, анткени жарандардын билим алуусуна мамлекет менен коом тараптан көңүл буруунун деңгээлин көрсөтүп турат. Билим берүүгө инвестиция салуу өлкөнүн адам капиталын көбөйтүүнүн жана экономикалык өнүгүүнүн келечектерин жакшыртуунун маанилүү ыкмасы болуу менен гана чектелбейт, анын өзгөчө баалуулугу дагы бар, себеби билим берүү адамдардын дүйнө таанымын кеңейтет, алардын калыптандыруусун камсыздайт, алардын материалдык жыргалчылыгына жана сергек жашоо образына өбөлгө берет.
Ресурстардын бардык түрлөрүн, эң ириде финансы каражаттарын пайдаланган учурда гана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүн болот. Экономикада рынок мамилелери үстөмдүк кылып турган шартта билим берүү тутумун ийгиликтүү өнүктүрүү финансылоонун ар кандай булактарын тартуу жана пайдалануу жолу менен камсыздалат.
Мында эң маанилүү ролду бирден-бир кепилдик берилген финансылоо булагыболгон мамлекеттик бюджет ойнойт. Билим берүү тутумунун учурдагы абалы бул тармактын ишин камсыздоо үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын тартыштыгы менен мүнөздөлөт. Көбүнчө билим берүү тутумундагы көйгөйлөрдүн баары (билим берүүнүн мазмуну жана сапаты, калктын ар башка катмарлары үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, эмгек рыногу менен байланыштарын өнүктүрүү ж.б.у.с.) так ушул жетишсиз финансылоо көйгөйү менен түздөн-түз байланышта болот.
Бул документте Кыргыз Республикасындагы билим берүү чөйрөсүн финансылоо тутумун айрым бир өлкөлөр (Франция, Чехия, Россия, Эстония) менен салыштырып талдоо жүргүзүлгөн.
Бул изилдөөнүн алкагында билим берүүнүн бардык деңгээлдерин финансылоонун сандык жана сапаттык аспекттерине талдоо жүргүзүлдү, алардын эффективдүүлүгүн баалоонун мүмкүн болуучу багыттары каралды жана билим берүүнү бюджеттен финансылоо үлгүсүн өркүндөтүүнүн негизги багыттары аныкталды.