“Кыргыз Республикасында билим берүүнү гендердин жана инклюзивдик өлчөө” аналитикалык отчету Европа Союзу тарабынан ишке ашырылып жаткан К.Аденауэр атындагы Фонд менен “БИОМ” экологиялык кыймылынын биргелешкен “Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Долбоор билим берүү тутумун реформалоо жана коом үчүн реформалардын айкындулугун жогорулатуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу Кеңештин жана эксперттик коомдоштуктун чечимдерди кабыл алуу тутумундагы ролун жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатын көздөйт.
