Кыргызстандын туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай бир кылка эмес мүнөздө. Бир тараптан дүйнөдө жана биздин өлкөдө туруктуу өнүгүү маселелерине кызыгуу өсүп бара жатат, өлкөлөр туруктуу өнүгүү идеологиясын жактайбыз деп билдирүү жасашат, экинчи тараптан өлкөдөгү экономикалык оорчулук, өзгөчө акыркы жылдары ресурстарды өнүгүү багытына, ошондой эле туруктуу өнүгүү векторуна кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк бербей жатат.
Улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүү идеологиясын жактаарын билдирген. Мамлекет башчысынын деңгээлинде Туруктуу Өнүгүү боюнча Улуттук Кеңеш түзүлгөн, 2017-жылга чейин Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы, аны ишке ашыруу боюна Өкмөттүн Программасы жана Планы кабыл алынган. Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселелери башкы орунга чыкты, анткени бул концептуалдык алкактагы иш-аракеттердин ийгилиги түздөн-түз адам потенциалынан, бардык деңгээлдерде даярдалган кадрлардан, анын ичинен башкаруучулардан, ишкерлерден, окумуштуулардан, мугалимдерден ж.б.у.с . көз каранды болот.
Экинчи тараптан, бирдиктүү, комплекстүү экологиялык дүйнө таанымды түзүү – жөнөкөй процесс эмес жана чечимдерди кабыл алуу тутуму менен катар билим берүү тутумун дагы түп-тамырынан кайра курууну талап кылган процесс. Ал төмөнкү концептуалдуу маселелердин үстүнөн ой жүгүртүүнү талап кылат: 21-кылымда ийгиликтүү өнүгүү үчүн өлкө Кыргызстандын адамы-жараны кандай болушу керек; өнүгүү вектору кандай болушу керек; кайсы каражаттардын эсебинен; эмгек рыногу кандай өзгөрөт жана кандай билимдер, жөндөмдөр жана көндүмдөр талап кылынат. Булардын баарын мүмкүн болушунча ылдам чечүү керек, анткени өзгөрүүлөр бизге ойлонуп отурууга убакыт бербейт.
Бул сереп туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүгө өтүүнүн динамикасында жагдайды талдоо; Кыргыз Республикасынын ордун жана дараметин баалоо, негизги кыйынчылыктарды аныктоо жана аларды жеңип өтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында даярдалды. Серепти даярдоодо Кыргыз Республикасынын отчёттору, методикалык жана укуктук ченемдик актылар, өнүгүү программалары жана стратегиялары талданды, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары, эксперттер менен маектешүү жүргүзүлдү, мектеп директорлорун жана мугалимдерин анкеталоо жүргүзүлдү.
Аналитикалык отчет Европа Союзу тарабынан ишке ашырылып жаткан К.Аденауэр атындагы Фонд менен “БИОМ” экологиялык кыймылынын биргелешкен “Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Долбоор билим берүү тутумун реформалоо жана коом үчүн реформалардын айкындулугун жогорулатуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу Кеңештин жана эксперттик коомдоштуктун чечимдерди кабыл алуу тутумундагы ролун жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатын көздөйт.