Билим берүүнү башкаруу тутумун талдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумуна жалпы талдоо («бенчмаркинг») жүргүзүү, билим берүү тутумун өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк тенденциялар менен салыштыруу, негизги айырмаларды аныктоо жана КР билим берүү тутумун башкарууну ылдам модернизациялоо үчүн чыйыр салуу максатында даярдалды.
Талдоонун башка милдети – акыркы 5 жылда (2010-2015) жүрүп жаткан билим берүү тутумун реформалоонун жүрүшүндөгү жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү аныктоо жана Кыргызстандын билим берүү тутумун башкарууну жакшыртууга багытталган чараларды сунуштоо.
Талдоо Европа Союзу тарабынан ишке ашырылып жаткан К.Аденауэр атындагы Фонд менен “БИОМ” экологиялык кыймылынын биргелешкен “Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.