2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы

Download PDF

Билим берүү бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү коомдук өнүгүүнүн эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болууда. Адамдык капиталды түзүү жана адамдык потенциалды инсандын жана коомдун пайдасына жумшоо натыйжаларга жетүүгө жана ХХI кылымдагы коомдун таламдарын канааттандырууга багытталган билим берүү системасын курууда мамлекеттин жоопкерчилиги өзгөчө экендигин көрсөтүп турат.

Кыргыз Республикасы ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарына жана эл аралык тажрыйбага таянып, ийкемдүү, ачык, заманбап талаптарга ылайык, улуттук билим берүү системасын түзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-августундагы №244 “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик билим берүү доктринасы жөнүндө” Жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү доктринасы жана ушул Концепция билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат, баалуулуктарды жана артыкчылыктарды бекемдейт, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен билим берүү системасын өнүктүрүүнүн конкреттүү кадамдары үчүн база түзөт.

Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Билим берүү жөнүндө”, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка документтерге негизденет. Бул Концепция “Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги №259 токтому менен жактырылган 2010-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында камтылган билим берүүнү реформалоо багытын улантат.

Концепция жашоонун башка чөйрөлөрүнө салыштырмалуу билим берүүнү ыкчамдап өнүктүрүү максатын көздөйт, анткени билим берүү гана өлкөдөгү адамдык потенциалды өнүктүрүү менен байланышта жана башка чөйрөдө реформаларды камсыз кылуу үчүн лидерлерди жана адистерди даярдайт.

Билим берүү системасын ыкчамдап өнүктүрүүнүн зарылчылыгы дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө кабыл алынгандай эле окуп жаткан коомдун концепциясынын негизи болуп саналат жана өнүктүрүүнүн жогорку деңгээлин кармап турууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан үчүн адамдык потенциалды өнүктүрүү, анын ичинде кесиптик орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүнө чет өлкөлүк студенттерди тартуу регионалдык лидердик үчүн негиз болуп, региондук жана глобалдык деңгээлде өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кыла алат.

Глобалдык атаандаштык жана көп сандаган иштин трансчегаралык мүнөзүн кеңейтүү шартында улуттук таламдарды коргоо жана өлкөнүн беделин көтөрүү үчүн билим берүү системасы эки базалык процесстердин төмөнкүдөй макулдашуусун камсыз кылышы керек:

  • маданияттын өзгөчөлүктөрүн сактоо жана өнүктүрүү, улуттук бөтөнчөлүктү
    жана маданияттын көп түрдүүлүгүн колдоо;
  • Кыргызстанды региондук жана глобалдык билим берүү мейкиндигине киргизүү.

Аларды ишке ашыруу мамлекет менен коомдун инновациялык өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн билим берүү системасынын контурларын түзүшү керек.

Концепция билим берүү системасынын ресурстарын өлкөнүн өнүгүү максаттарына жетүүгө жумшаган теориялык, методологиялык жана уюштуруу жоболорун камтыйт.