Узак мөөнөттүү келечекте биз Кыргызстанды стратегиялык жактан – адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылуу менен алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө, мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр-баркы жогору, экономикасы туруктуу өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү жана көз карандысыз мамлекет катары көрөбүз.
Жакынкы беш жылда (2013-2017-жылдардын мезгилине) Кыргызстандын алдында саясый системасы туруктуу, экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан жана калкынын кирешеси дайыма жогорулап жаткан демократиялуу мамлекет катары калыптануу милдети турат.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн ушул Улуттук стратегиясы (мындан ары – “Стратегия”) ушул милдеттерди чечүүнү камсыз кылууга чакырылган.