2013-2017-жылдарга КР туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа

Download PDF

Олуттуу окуяларга бай 2009-2012-жылдардын мезгили Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө жаңы маанини белгиледи жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана социалдык-саясий, экономикалык, экологиялык, финансылык өнүктүрүүнү башкаруунун башка чөйрөлөрүн кошокондо, мамлекеттик башкаруунун бардык системаларынын бекемдигин сыноонун мезгили катары өлкөнү өнүктүрүүнүн тарыхында калат.

Бул мезгилде өлкөнү өнүктүрүү дүйнөлүк финансылык кризистин, дүйнөлүк рыноктордогу өсүп бара жаткан белгисиздиктин фонунда өтүп жатты, алар рыноктун бардык катышуучулары үчүн, анын ичинде Кыргызстандын – Россия, Казакстан жана Кытай сыяктуу негизги соода өнөктөштөрү үчүн дагы тобокелдиктерди түздү.

Бирок 2010-жылдагы өлкөнүн ичиндеги социалдык-саясий окуялардын тагдыр чечүүчү таасири аныктоочу болуп калды. Кыргыз Республикасы башкаруунун парламенттик формасына өттү.

Бул мезгилдин Кыргызстан үчүн эң маанилүү жыйынтыгы 2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттеринин, 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы ички саясий окуялардын жана 2012-жылдагы “Кумтөр” алтын казып алуучу ири ишканасындагы техногендик кыйроонун фонунда болуп көрбөгөндөй экономиканын начарлоосун жеңип чыгуу болуп калды.

Калктын жашоо турмуш деңгээлинин сезилерлик төмөндөшү социалдык-саясий жана экономикалык терең таасирлердин кесепеттеринен болду. Алсак, 2012-жылга карата жакырчылыктын чегинен төмөн дээрлик 2,1 млн адам же өлкөнүн калкынын 38% жашаган, анын дээрлик 66 %ы айылдык калктуу конуштардын тургундары болуп эсептелет.

Мына ушул жагдайда өлкөнү келечекте өнүктүрүүнүн маселеси жаралды жана өнүктүрүүдөгү туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоого жана туура пайдаланууга муктаждык пайда болду.

Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тарабынан туруктуу өнүктүрүүнүн курсу расмий түрдө жарыяланды. Азырынча жакырчылыктын жогорку, өзгөчө айыл жериндеги деңгээли менен, жана жаратылыш жана финансылык ресурстары чектелген өлкө катары Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүүнүн курсу бүгүнкү күндө логикалык жана саясий жаткан негизделген тандоо болуп көрүнөт.

Туруктуу өнүктүрүүнүн идеясы коомду чыңдоодо эң маанилүү ролду ойной турган, азыр эч качан болуп көрбөгөндөй Кыргызстан элинин каада-салттарына, жан-дүйнөсүнө жана менталитетине үндөш болуп калды, анткени кыргызстан эли бүгүнкү күндө кайсы этноско жана партияга таандык экендигине карабастан, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жана «келечеги» жана өнүктүрүүдө туруктуу позициясы бар өлкөдө жашоого умтулууда тилектери бир.

Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну болжолдойт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.

Кыргызстанды келечектеги өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик бийликтин баардык бутактарынын, жеке менчик секторунун жана жарандык коомдун күчтөрүн бириктирүү менен 2012-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө багыт алган саясий курсунун далили болуп калды.

Өлкөнүн башчысы башкарып жаткан Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти түзүү өлкөнүн биригүүсүн, Кыргызстан элинин биримдигин көрсөткөн өз убагындагы кадам болуп калды. Кеңештин ишинин максаты – эң жогорку деңгээлдеги саясий «аянтчада» Кыргыз Республикасын келечекте туруктуу өнүктүрүүнүн негизги позициялары боюнча консенсуска жетишүү болуп саналат.

2013-жылдын 21-январында Кеңештин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Президенттин жарлыгы менен 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилди.

Жалпысынан, 2017-жылга чейинки бекитилген стратегиялык документ өз негизинде алкактык болуп саналат. Аталган документте Президент туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын жаңы моделин, башкы артыкчылыктарды белгиледи жана ушул мезгилде 78 ири инвестициялык долбоорду ишке киргизүү демилгеси менен чыкты.

2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу үчүн жакынкы беш жылга башкаруунун реалдуу куралы зарыл экендигин эске алып Өкмөт тарабынан 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө карата өтүшү боюнча программаны иштеп чыгуу чечими дароо кабыл алынды.

Бул беш жылдык Кыргызстан үчүн туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы моделине өтүү боюнча биринчи этап болуп калат. Совет мезгилинен кийин алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беш жылдык планды кайра жаратуу жөнүндө адаттагыдан башкача чечим кабыл алды.

Ушул мезгилге пландаштырылган милдеттерди чечүү, Өкмөттүн жылдык пландары аркылуу ишке ашыруу белгиленген, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген артыкчылыктарды жылдыруу жана максаттуу багыттарга жетишүүнүн узак мөөнөттүк улантуучулукту сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Беш жылдык (2013-2017-ж.ж.) мамлекет тарабынан калкка сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнүн ыкмаларында түп тамырынан өзгөртүүнүн контекстинде тагдыр чечүүчү болушу мүмкүн, анткени өлкөнү жана региондорду өнүктүрүүдө абсолюттук артыкчылык катары адамдык өнүгүүнүн, адамдык капиталдын артыкчылыгы келтирилүүдө. Туруктуу өнүктүрүүнүн түпкү максаты өзүнүн ой-максатына жетишүү үчүн бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адам, Кыргызстандын ар бир жараны болуп калат.