Айрым коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелерге нааразы

21-ноябрь күнү Коомдук кеңештердин Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин, эл аралык уюмдар жана эксперттик, аналитикалык топтун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын ачылышында Координациялык кеңештин төрайымы  Аида Рустемова сөз сүйлөп, бул жыйынндын максаты колдоо көрсөтүп келе жаткан донорлор жана эл аралык уюмдар менен жакындан таанышып, мамилени жакшыртуу, ошол эле учурда ортодогу маселелерди биргелешип чечүүгө шарт түзүү экенин белгилеп, кеңештин жаңы сайты жана мобилдик тиркемеси ишке киргизилгенин билдирди.

-Биздин кеңешке колдоо көрсөтүп, ар тармактан жардам берип келген уюмдар бар. Мына ошол өнөктөштөрүбүз кайсыл мекеменин өкүлдөрүнө кандай жардам керек, жаңылануулар барбы деген сыяктуу суроолорго жооп издеп, жакындан таанышып, кызматташууну бекемдөө үчүн ушул жерге чогулуп олтурушат. Биздин негизги стратегиялык пландарыбыздын бири, Кординациялык кеңештин уюштуруу иштерин жакшыртуу, эл аралык коомчулук менен кызматташууну бекемдөө болгондуктан, бүгүнкү тегерек стол мына ушуга арналат. Белгилей кетүүчү нерсе, бизде оsgo.kg сайты ачылып, аны менен катар мобилдик тиркемебиз ишке кирип жатат. Мына ошол жерден толук маалымат алуу, алмашуу иштери, башкача айтканда баарыбыз бир кайыкка салынып, ишибиздин эффективдүүлүгүн көрсөтүп, алга жылуу үчүн олуттуу кадамдар ташталып жатат.

Экспрет Александр Третьяков, мамлекетте элктрондук башкаруу аксап жатканын айтып, коомдук кеңештин мүчөлөрү коомдун өкүлү, бирок, милдети бар өкүлү экенин белгиледи. Андыктан, Конституцияда жазылганлдай, атайын бир бөлүм эмес, жалпы коомчулук үчүн кызмат кылууну унутпоого чакырды. Аны менен катар милдетти алган соң, кыйынчылыктарга карабай, жөнөкөй эл жетпеген жерге жетип, көйгөйлөрдү кабыргасынан коюп, аны аягына чыгаруусу шарт экенин билдирди.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин өкүлү Чынара Өмүркулова, азыр мамлекеттик мекемелер өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келген адамдарды чогултуп, жыйындарды өткөрүп коюшарын айтып, кемчиликтер тууралуу айтылган сунуштар эске алынбай жатканына токтолду.

-Мен мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык механизмдерге өз таасирин тийгизген ишти белгилеп кетким келет. Азыр министрликтер “коомдук” деген сөздү эл көрүшү үчүн эле колдонушуп, иш жүзүндө аларга жагынган, ошол ички кызыкчылыктарын жактаган адамдар менен жыйындарды өткөргөн учурлар көп. Биз такыр укпаган эле маселелер каралып, иш жүзүнө ашып кетет. Ошондуктан, коомго, коомдук кеңешке, эл аралык коомчулукка кимдер кирери, бардык укук жана милдеттер тууралуу маселени карап чыгыш керек деген ойдомун.

Координациялык кеңештин PR-адиси Айгүл Жунушалиева, парламент жогорудагыдай маселе Коомдук кеңештен байкоочу деген сөздү алып койгондон кийин көбүрөөк жаралганын билдирди. Ошондуктан азыр Коомдук кеңештердин эмгеги текке кетпеши үчүн атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.

-Мыйзамга өзгөртүү киргизбесе, иштөө бир аз оор болуп турат. Азыр Координациялык кеңеш ушул сыяктуу бардык көйгөйлөрду камтыган мыйзам долбоорун даярдадык. Жакында парламентке сунуштайбыз.

Мындан тышкары ар тармактын эксперттери атайын даярдалган докладдарды окуп, катышуучулар мындан ары кызматташууну жакшыртууга макулдашышты.

Айта кетсек, 2010-жылы экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси жана жарлыгы менен Коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөн. Анын негизги максаты, министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелердин ишине байкоо салып, алардын мыйзамсыз иштерге аралашпоосун, мониторингдерди жүргүзүп, жасалып жаткан иштеринин илгерилеши үчүн көмөкчү болуу. Кийин 2014-жылы Жогорку Кеңеш “байкоочу” деген сөзүн алдырып салып, Коомдук кеңеш деп аталып калган. Ал эми 2015-жылы декабрь айында Коомдук кеңештерди бириктирип, аларды көзөмөлдөө үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин үстүнөн болсо, өкмөт көзөмөлдөйт. Быйыл бир жылдыкка карата эң мыкты Коомдук кеңешти аныктоо үчүн атайын анализ жүрүп жатканы да белгилүү болду.

Канай Анаркулов, Марал Радиосу