2015-жылдын 4-февралынан 11-февралына чейин Бишкекте “Парк отелде” долбоордун башкаруучу кадрларын даярдоону түзүүгө жана чыңдоого, долбоордук топтун дараметин күчөтүүгө багытталган 5 күндүк семинар өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасындагы Европа Комиссиясынын делегациясы, Конрад Аденауэр Фондунун эксперттери, БИОМ Экологиялык кыймылынын эксперттери катышты.
Семинардын маанилүү темалары төмөндөгүлөр болду:
- долбоордун максаттарынын жалпы түшүнүктөрүн иштеп чыгуу, ролдорду жана милдеттерди так бөлүштүрүү;
- ишмердиктин жалпы түшүнүктөрүн иштеп чыгуу жана методологияны аныктоо;
- визуалдаштыруунун ички байланыштары жана тышкы стратегиясы үчүн эрежелерди белгилөө;
- мониторинг жана баалоо схемаларын жана куралдарын иштеп чыгуу
- долбоордун бюджетин тактоо;
- НС долбоорлорун башкаруунун жана бухгалтердик эсеп эрежелеринин, финансылык менеджменттин өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
- Ишмердик пландарын жана долбоордун персоналын башкаруунун ыкмаларын тактоо;
- ЕС отчеттуулугуна карата талаптарды изилдөө.
Семинардын ишинин жүрүшүндө аракеттердин деталдуу пландары, иш-чаралар графиктери иштелип чыкты, жоопкерчилик бөлүштүрүлдү жана иштерди аткаруунун индикатору аныкталды.