2015-жылдын 2-апрелинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында долбоордун өкүлдөрү Кеңештин мүчөлөрү менен таанышуу жолугушуусун өткөрүштү.
Жолугушууга Кеңештин 10 мүчөсү, анын ичинде Кеңештин Төрагасы жана үч орун басары катышты. Жолугушуунун алкагында Кеңештин мүчөлөрүнүн долбоордун алкагында пландалган долбоордун максаттуу тобунун билим берүү керектөөлөрүн изилдөөгө катышуу маселеси талкууланды, Кеңештин мүчөлөрү үчүн алгачкы билим берүү семинарын өткөрүүнүн болжолдуу датасы талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун алкагында web-платформа, аны маалыматтар менен толтуруу жана жайгаштыруу талкууланды. Кеңештин мүчөлөрү долбоорго катышууга кызыгуусун билдиришти, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ишинин айкындуулугун жогорулатуу алкагында анын маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгы Кеңештин мүчөлөрүнүн Протоколго Коомдук Кеңештин мүчөлөрүнүн долбоорду ишке ашырууга жигердүү катышуусунун зарылчылыгын белгилеген пункттарды киргизүү, ошондой эле алдыдагы семинардын маселелери менен алектенип жана web-платформаны иштеп чыгууга жана толтурууга тиешелүү маселелерди талкуулоого катыша турган эки жумушчу топту түзүү болуп калды.