2015-жылдын 5-8-августунда Ысык-Көлдө «Роял Бич» клуб-отелинин конференц-залында “КР билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү” долбоорунун алкагында “БИОМ” Экологиялык кыймылы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук Кеңешинин стратегиялык планын иштеп чыгуу” семинары өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук Кеңешинин мүчөлөрү, эксперттер жана долбоордун командасы катышты. Куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөштү: В.Коротенко, «БИОМ» экологиялык кыймылынын төрагасы, долбоордун координатору жана Европа Союзунун өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун менеджери Г. Ботобаева.
Семинарда билим берүү реформаларынын сапатын камсыздоо, айкындуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана билим берүү реформаларынын процессине катышуу үчүн КР БжИМ КК мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланды.
КР БжИМ КК узак мөөнөттүү стратегиялык планынын долбоору талкууланды жана иштелип чыкты, Стратегиялык максаттар жана аларга жетүүнүн жолдору бекитилди.
Стратегиялык пландоонун жана БжИМ КК 2915-2016-жылдарга операциялык планынын долбоорун иштеп чыгуунун методдору жана куралдары, ошондой эле механизми талкууланды.
КР БжИМ КК мүчөлөрү 2015-2017-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча КР БжИМ аракеттер планы менен, ошондой эле долбоор тарабынан БжИМ КК операциялык планын колдоо мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.