Бул маанилүү окуя өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, КР БжИМ жана Кыргызстандын бардык региондорунан келген пелагогдордун, эксперттик жана илимий коомдоштуктун катышуусунда актуалдуу маселелерди талкуулоо жана билим берүү чөйрөсүн реформалоо үчүн сунуштарды киргизүү максатында 2015-жылдын 26-28-августунда Улуттук филармонияда өттү.
КРда үстүбүздөгү жылдын башталышынан тартып ишке ашырылып баштаган «Кыргызстанда билим берүү реформаларына көмөктөшүү жана мониторинг жүргүзүү» долбоорунун координаторлору бул окуядан сырткары калган жок. Тескерисинче, алар билим берүү саясаты менен иштөө боюнча аракеттерди активдештиришти жана адам ресурстарын – биздин өлкөнүн башкы байлагын калыптандыруу маселелеринде КР БжИМ менен тыгыз өз ара аракеттенет.
Съездде 5 блокко бириктирилген 11 секция иштеди. Анын ичинде секциянын ишине «Кыргызстанда билим берүү реформаларына көмөктөшүү жана мониторинг жүргүзүү» долбоорунун команда мүчөлөрү дагы катышты. Билим берүүдөгү өнөктөштүк блогунун “Окуучуларды тарбиялоо: үй-бүлөнүн, мектептин, коомдоштуктун өнөктөштүгү”, “Көп тилдүү билим берүүнүн коомду интеграциялоо үчүн дарамети” багыттары боюнча секцияларынын жетекчилеринин бири Дербишева Замира Касымбековна болду. Кесиптик билим берүүнүн жана илимдин атаандашуу жөндөмдүүлүгү блогунда “Педагогикалык билим берүү” багыты боюнча секцияларынын жетекчилеринин бири Сирмбард Светлана Рустамовна болду.
Мектепке чейинки жана мектепте билим берүүдөгү инновациялар блогунун “Билим берүүнү уюштуруунун жана башкаруунун жаңы формасы катары инновациялык мектептерди өнүктүрүү”, “Билим берүү уюмдарында инновациялык ишмердикти башкаруу” багыттары боюнча секцияларынын жетекчилеринин бири Марченко Лариса Юрьевна болду.
Кесиптик билим берүүнүн жана илимдин атаандашуу жөндөмдүүлүгү үчүн инновациялык өнүктүрүү блогунда “ӨЭУ, СПО, ВПО жана сапатты баалоонун жана аккредитациялоонун (көз карандысыз) институттарынын жаңы муунунун стандарттары” темасы боюнча 8-10-секциялардын тең жетекчиси Светлана Рустамовна Сирмбард болду.
Азыркы убакта Кыргызстанда 1 миң 62 бала бакча, 2 миң 207 мектеп, 101 кесиптик-техникалык мекеме жана 55 ЖОЖ бар. Бул мекемелерде 1 млн 529 миң окуучу билим алууда жана 100 миңден ашык педагогдор эмгектенишет.
Бирок, адистердин пикири боюнча, ата мекендик билим берүү чөйрөсүндөгү бүгүнкү күндөгү абал кыргызстандыктардын карама-каршы сезимдерин жаратат. Бир тарабынан чектелүү мамлекеттик ресурстар менен жыл сайын билим берүүгө чыгымдар жогорулап жатат: акыркы 5 жылда гана алар жылына 12,5 млрд сомдон 25,4 млрд сомго чейин өстү, бул республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 23,4%ы же төрттөн бир бөлүгү. “Дүйнөдө бир дагы өлкө мынчалык пайызда бюджеттик каражаттарды билим берүүгө жумшабайт”, – деп белгилери А. Атамбаев. Башка жагынан алганда, мугалимдин кесибинин бедели улам төмөн түшүп жана билим берүүнүн сапаты начарлап жатат.
Ушуга байланыштуу съездде Кыргызстандын жаңы жаранын, башкача айтканда “интеллектуалдуу жана физикалык жактан өнүккөн, сабаттуу, дени сак, бир нече тилде эркин сүйлөгөн, бактылуу жана ийгиликтүү” жаранын тарбиялоо үчүн билим берүү реформалары керек экени айтылды. Алардын башкы фигурасы – мугалим.
Кыргызстанда мугалим кесибинин беделин көтөрүү максатында биринчи кадам үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып окутуучулук иштин сааты үчүн төлөөнүн базалык ченин көбөйтүү аркылуу мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү болмокчу. Көпчүлүк мугалимдер үчүн маяна 50%га чейин, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн – 80%га көтөрүлөт. Жалпысынан мугалимдердин эмгек маянасын жогорулатууга 2015-жылы кошумча 2,2 млрд сом, ал эми 2016-жылы 6,6 млрд сом бөлүнөт!
Съезддин алдында июнь айында КР Өкмөтү тарабынан “2015-2024-жылдарга коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары” программасы кабыл алынган, ага ылайык жыл сайын 200 мектеп имараты жана 80 бала бакча имараттары “Капиталдык салым” беренелери боюнча республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга жаңы курулуш түрүндө, ошондой эле реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо түрүндө жаңыланат.
Бүгүнкү күндө бекитилген капиталдык курулуштун тизмесине 230 билим берүү объекти кирди. Темир Сариевдин айтуусунда, өзүнүн кызматын өтөгөн авариялык мектептердин ордуна 66 жаңы мектеп курулат жана ачылат. Премьер-министр өкмөт бул жаатта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча иштерди аткарып жатканын белгиледи, анын натыйжасында 119 бала бакча кайтарылып алынган.
Съездде белгиленгендей, азыркы учурда 80 миңге жакын бала мектепке барбайт же жарым-жартылай барышат. Ал эми мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, КР БжИМ маалыматы боюнча, – өлкөдөгү 3-6 жаштагы балдардын санынын 13,4%ын гана түзөт. Мисалы алсак, Казакстан Республикасында мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун пайызы – 45 %, Украинада – 49 %, Россияда – 58 %, ал эми Беларусь Республикасында – 100 %. Ошондой эле бүгүнкү күндө мектепке чейинки даярдоонун 48 сааттык программасы киргизилген, бул максаттарда өкмөт тарабынан кошумча тартипте 60 млн сом каралган. Съезд билим берүүнүн сапатын жогорулатуу милдетин койду. КР БжИМ демилгеси боюнча өлкөнүн Өкмөтү окуучулардын маанилүү компетенттүүлүгүн аныктоонун негизинде түзүлгөн, жаңы түрдөгү Мамлекеттик билим берүүнүн стандартын кабыл алды, бул балдарды тарбиялоого карата жалпы мамилелерди толук өзгөртөт жана инсандык социалдык жана кесиптик чөйрөлөрдө ийгиликтүү иштөөгө даярдыгын камсыздайт. Жаңы стандарт Базалык окуу планын жаңылоону болжолдойт, анда ар бир предметке 2 сааттан кем эмес бөлүнөт жана табигый дисциплиналар боюнча окуучуларды даярдоону күчөтүүгө басым жасалат. Ушуга ылайык, кеңири жетүү мүмкүндүгүн жана тандоону, өзгөчө электрондук акысыз версияларга жетүү мүмкүндүгүн берүү жаатында окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу саясаты өзгөрөт. Бул үчүн автордук укуктарды андан ары Билим берүү министрлигине берүү жөнүндө авторлордун, басмаканалардын жана КР БжИМ ортосунда келишимдин эки тараптуу жана үч тараптуу форматтары бекитилди. Бүгүнкү күндө мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 75,1% түзөт, жакынкы убакта бул санды 78%га жеткирүү пландалууда.
КР БжИМ маалыматы боюнча, бул стандарт эмгек маянага кошумча үстөктөрдү алуу менен карьералык тепкич менен жылууну шарттайт. Ошентип, мектеп билим берүү тутумунун ичинде кесиптеги начарлар үчүн тоскоолдуктарды түзүп жана мыктыларды өбөлгөлөй турган обьективдүү тутум түзүлөт.
Ошентип, съезддин катышуучулары олуттуу көйгөйлөрдү аныкташты. Позитивдүү өзгөрүүлөргө карай жол ачылды.