“Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук Кеңешинин стратегиясы жана Иш планы: өз ара аракеттенүүнүн перспективалары” тегерек үстөлү

2015-жылдын 25-сентябрында КР Билим берүү жана илим министрлигинин конференц-залында “Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук Кеңешинин стратегиясы жана Иш планы: өз ара аракеттенүүнүн перспективалары” тегерек үстөлү өттү .

Тегерек үстөлгө КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, билим берүү чөйрөсүндөгү эксперттер жана ӨЭУ, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү
катышты.

Куттуктоо сөзү менен Д-р Т.Кунце – Конрад Аденауэр атындагы фонддун региондук өкүлү жана В.Коротенко- БИОМ экологиялык кыймылынын төрагасы чыгып сүйлөштү.

КР БжИМ КК мүчөлөрү тарабынан “КР Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин стратегиялык иш планынын” бет ачары сунушталды.

“КРда билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясынын жана планынын маанилүү аспекттери” бет ачарын КР БжИМ стратегиялык пландоо жана мониторинг бөлүмүнүн начальниги Л.Ю.Марченко тааныштырды.

Билим берүү тутумуна мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн өз ара аракеттенүү чекиттерин табуу максатында, КР БжИМ Коомдук Кеңешинин стартегиясын жана иш планын тааныштыруу боюнча жалпы дискуссия өткөрүлдү.

Тегерек үстөл Европа союзунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан, К. Аденауэр атындагы фонддун жана “БИОМ” экологиялык кыймылынын «Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү» биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлдү.