Коомдук кеңештердин эл аралык уюмдар менен иштешүү жолдору талкууланды

EA__4514

Бишкек.22 ноября 2016г. Бишкекте “Коомдук кеңештерди колдоонун маалыматтык-аналитикалык куралдары” аттуу тегерек стол өттү.

Иш-чаранын максаты – коомдук кеңештер менен эл аралык уюмдар, аналитикалык борборлор жана эксперттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана өнүктүрүү. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууда коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу механизмдерин талкуулоо.

Тегерек столду коомдук кенештердик Координациялык кенеши, БИОМ экологиялык кыймылы, Евробиримдик өкүлчүлүгү менен бирге уюштурган.

Иш-арада ЮСАИД, Евробиримдик, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, Конрад Адэануэр атындагы фонд жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү коомдук кеңештер менен иштөө тажрыйбасы, жетишкендиктер жана проблемелар тууралуу катышуучуларга айтып беришти.

Ошондой эле коомдук кеңештердин ишин колдоо жана өнүктүрүү механизмдери талкууга алынды.

Иш-чарага коомдук кеңештер менен Координациялык кеңештердин, эл аралык уюмдар менен аналитикалык топтордун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышкан.

Чабарман.kg