Билим берүү системасындагы реформалар үчүн эмнелерди жасоо керек?

2017-01-23_14-20-40_989552

Кыргызстандын билим берүү системасындагы реформа токтоосуз чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөрдү алып чыкты. Дүйнө жүзү өзгөрдү, ал эми анда болуп жаткан процесстер тездеди, биз болсо билим берүүнүн системасы тууралуу эскиче элестетүүлөрүбүз менен эле жашап жатабыз. Билим берүү системасын окутуунун компетенттүү багытталган үлгүсүнө которуу үчүн эмнелерди жасоо керек?

Билим берүү системасындагы реформалар үчүн эмнелерди жасоо керек?

Кээ бир учурда бир караганда эч нерсеси менен айырмаланбаган сөздөр олуттуу ой жүгүртүүлөргө түрткү болушу ыктымал. Менин бир таанышым ал бир жолу бизнес тармагындагы үлкөн эксперттерден болгон чет өлкөлүк меймандарды кантип кабыл алгандыгы тууралуу айтып берди. Чай үстүндө жайбаракат маектешүү учурунда алар билим берүү тармагы рынокто кирешелүү орун издеп жаткандар үчүн чыныгы алтын кен экендигин айтышкан.

Билим берүү системасы кайсы гана мамлекет үчүн болбосун негизди, пайдубалды түзөрү шексиз. Ал эми бул тармак инвестициялар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн экендиги – кызык ой. Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча ушул тапта билим берүү кызматтарынын дүйнөлүк рыногунун көлөмү жылына бир триллион АКШ долларынан көп. Ушул сандар тууралуу жеткире ой жүгүртүп көргүлөчү! Көптөгөн тармактар мындай көлөмдөр тууралуу кыялдана дагы алышпайт.

Бул рыноктун ири үлүшү АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, Япония, Австралияга туура келет. Бул тармакка биздин коңшубуз – Кытай тынымсыз умтулууда. Алардын жогорку деңгээлде өнүккөн экономикасынын себеби ушул фактор эмеспи деген суроо айласыздан келип чыгат. Анткени бул реалдуу, ошол эле учурда үзгүлтүксүз, жылдан жылга туруктуу негизде келип жаткан жеке инвестициялар эмеспи. Бул чынында эле мультипликативдүү натыйжа көрсөтүү менен бүткүл экономикага таасирин тийгизүүчү алтын кени. Мамлекет үчүн анын пайдасы айдан ачык. Бул үчүн сапаттуу билим берүү жана жалпы эрежелер боюнча ойноо гана керек.

Кыргызстандагы билим берүү азыр кандай? Эгерде ачыгын айтсак, кырдаал кубанарлык эмес. Билим берүүнүн сапаты төмөндөп жатат. Эгерде 2009-жылдагы PISA эл аралык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары али эсиңиздерде болсо, анын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөнүн мектеп окуучулары акыркы орунда болуп чыккан. Андан төмөн орун жок! Ошондой эле жогорку билим берүү системасы дагы көптөгөн жемелерди пайда кылууда. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү барып жаткан мамлекеттик жана коммерциялык структуралар, диплом алган жаңы адистерди кайрадан окутуу керек деп бир ооздон ынандырып келишет.

Тарыхый жактан алганда, эгерде бала мектепте же ЖОЖдо алган билим жана фактылардын жыйындысын топтой алса билим берүү сапаттуу деп эсептелип келген. Өткөн жүз жылдыктын ичинде алган билимди бир канча ондогон жылдардын ичинде пайдалана алышса, бул дээрлик адилеттүү болчу. Биздин учурубузда билим орто эсеп менен он сегиз айдын ичинде эскирет.

Интернеттин пайда болушу менен XXI кылым билим берүү парадигмасын чукул жана таанылгыс өзгөрттү. Билимдердин белгилүү бир топтомуна ээ болуу жетишсиз. Маалыматка жол ачык жана аны оңой эле алууга болот. Изделген маалыматты алуу үчүн болгону бир канча жолу чакырык кылуу жетиштүү. Бүгүнкү күндө башкысы тигил же бул маселени чечүү үчүн сизге кандай маалымат керек экендигин түшүнүү зарыл. Эң эле керектүүсүн таба билүү, ошол маалыматты системалаштыруу, бүтүм чыгаруу, чечим кабыл алуу жана жемиштүү ишмердүүлүккө жөндөмдүү болуу керек, бул компетенттүүлүктүн көрсөткүчү.

Башкача айтканда коом компетенттүүлүктү жана маалымат менен иштей билүүнү талап кылат, ал эми билим берүү системасы кээ бир учурда колдонууга мүмкүнчүлүк бере турган аспаптарды бербестен билимдердин белгилүү бир топтомун берүүсүн улантууда. Биз компеттенттүүлүктү калыптандыруу тууралуу айтып жатабыз, ал эми окуучуну “билет-билбейт” принциби боюнча баалайбыз. Эмне бааланса ошол бериле тургандыгы жалпыга маалым.

Биз, коомчулук жана мамлекет сапаттуу жакшы билим берүүнү кандай критерийлер боюнча өлчөө керектигин али аныктай элекпиз. Эксперттер дагы билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде өлчөөнүн бүтүндөй бир катар аспаптарына карабастан ушул күнгө чейин анын сапатын өлкө ичинде бирдиктүү баалоо системасы жок экендигин белгилешет.

Баалоо критерийлеринин жоктугу – жалгыз эле көйгөй эмес. Менин кесиптештеримдин бири, анын кызы окуган класста окуучулардын саны дээрлик элүүгө чейин жете тургандыгын айтат. Мугалим ар бирине көңүл бура албастыгы түшүнүктүү. Качандыр бир кезде мектептерде, өзгөчө аймактарда мугалимдер дагы жетишчү эмес эле, бирок ушул тапта көпчүлүк мектептер толугу менен комплектелген. Ал эми окуу китептери менен болгон көйгөйлөр дагы эле бар. Сөз аларды кармоонун сапаты тууралуу эмес, колдо болгон китептер бардык окуучуларга жетпей жаткандыгында болууда.

Билим берүү министрлиги андан чыгуунун жолун табууга – интернетке республиканын 800 мектебин кошууга жана электрондук окуу китептерин пайдаланууга аракеттенүүдө. Менин көз карашымда дагы бул туура чечим. Чынында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги мектептерге интернет киргизүүгө үч жолу тендер жарыялады, бирок бир дагы сунуш министрликтин бул максаттарга бөлүнгөн каражатына туура келген эмес.

Эмне үчүн андай болсо Өкмөт каражатты жетишерлик бөлгөн эмес деген суроо келип чыгат. Коммуникациялык кызматтар рыногундагы бааларды билбегендиктен уламбы? Болбосо бул интернет-кызматтардын провайдерлери тарабынан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча каражатын табуу аракетиби? Суроо жоопту талап кылат, ошол эле учурда компаниялардын бири – “Кыргызтелеком” мамлекетке таандык жана бийлик аткаруучулардын деңгээлинде өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү тапшырманы ийгиликтүү чечүү үчүн “ведомстволор аралык кызыкчылыктарды” жөнгө салууга болот эле. Бирок бул бир гана учурда – эгерде мамлекет билим берүү системасын реформалоого чындап эле кызыктар болсо гана мүмкүн болот.

Бактыга жараша, Өкмөт узап бара жаткан жылдын аягында өзүнүн кызыкдарлыгын билдирди – маселе чечилди, 2017-жылдын 1-сентябрына карата республиканын 620 мектеби интернетке кошулат.

Көп талкууланган дагы бир көйгөй – билим берүү системасындагы акча чогултуу жана паракорчулук. Аны мамлекет, жарандык коому жана билим берүү уюмдары бирдиктүү пикирге келгенде биргелешкен аракеттер менен чечүүгө болот. Бул жерде эң башкысы билим берүү кызматтарынын негизги керектөөчүсү калк болуп санала тургандыгын түшүнүктүү кылып айкындоо. Ошондуктан билим берүү үчүн жоопкерчилик тармагынын кеңейүүсү жана аны талаптагыдай кармоо жана сапатына буюртма берүүчүлөрдүн бири коомдун өзү болуусу мааниге ээ.

Жарандык коомду ушул ишке тартуунун механизмдеринин бири – КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин өз ара аракеттенишүүсү. Анын милдети – билим берүү тармагында реформа жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун күчөтүү, билим берүү жаатында саясатты иштеп чыгуу, жүргүзүү жана анын жыйынтыктарына мониторинг жасоо сыяктуу маселелерде коомдун “рупору” жана жигердүү катышуучу болуу.

Коомдук кеңештин ушундай ролду ойноо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн, 2015-жылдан баштап Конрад Аденауэр атындагы Фонд “БИОМ” Экологиялык коому (ЭК) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен “Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы реформаларга түрткү берүү жана мониторинг жасоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоор эки фокуска ээ – КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук фондунун (КК) өзүнүн потенциалын өнүктүрүү, ал үчүн долбоор тарабынан ККнын потенциалын жогорулатуу үчүн бир канча иш-чаралар жүргүзүлдү, – ошондой эле билим берүү тармагында реформаларды ушул тармактагы кырдаалга талдоо жасоо жана ушул негизде билим берүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштардын негизинде иштеп чыгуулар аркылуу колдоо.

Бир дагы мамлекет ал канчалык бай болбосун жарандык сектор жана коммерциялык структуралар менен кызматташпастан коомдун социалдык көйгөйлөрүн жалгыз чече албайт. Анын үстүнө эгерде мамлекет анчалык бай эмес болсо, жашоонун өзү өнөктөштүк жолдорун издөөнү буюрду. Долбоор билим берүү тармагындагы окуялардан кабардар болуу жана жалпы дүйнөлүк тенденциядан калышпоо үчүн зарыл болгон маалыматты алуу үчүн жаматтар менен талкуулап жана чечим кабыл алууга боло турган жакшы аянтча түзүп бергендигин белгилей кетүү керек.

Адамдын компетенттүүлүгүн дагы, анын потенциалынын өнүгүүсүн дагы камсыздоочу билимдүүлүк – ага жетишүүсүз мамлекеттин келечеги болбогон башкы баалуулук.

Ислам Жолдошов, Вечерний Бишкек