2015-жылдын 28-августунда Бишкек Финансы-экономикалык академиясында «КРда билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү» долбоорунун алкагында Экологиялык кыймыл тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушууда КР БжИМ КК мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан БжИМ КК ыкчам планын иштеп чыгуу боюнча аракеттер талкууланды, КК мүчөлөрү приоритеттүү милдеттер боюнча 3 топко бөлүнүп, 2015-16-жылдарга БжИМ КК ыкчам планынын долбоорун иштеп чыгышты.
2015-16-жылдарга БжИМ КК ыкчам планынын долбоору негизги үч багытка негизделет:
- Коомдук Кеңеш тарабынан коомчулуктун КР БжИМ иши жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, ММК менен жана КР БжИМ КК сайттары менен иштөө.
- Туруктуу өнүгүү үчүн Билим берүүнүн максаттарына шайкештик көз карашынан алганда билим берүүнүн мазмунуна мониторинг.
- Билим берүү жана илим тутумунда финансы каражаттарын пайдалануунун жана коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун талдоо.
Ошондой эле жолугушууда төмөндөгүдөй маанилүү маселелер талкууланды:
- Мектептердеги суу жана санитария жана коопсуздук маселелери боюнча КК жолугушуулары
- КР ЖРТ иштеп чыгуучулары менен жолугушуусу
- Мектепке чейинки билим берүү маселелери