Азыркы убакта билим берүүнүн сапаты маселелери бүтүндөй коомдун көңүл борборунда болууда. Ошондуктан билим берүү чөйрөсүндөгү реформалардын негизги милдеттеринин бири билим берүү процессинин бардык субъекттери үчүн бирдиктүү “билим берүүнүн сапаты” түшүнүгүн иштеп чыгуу жана ага жетүү боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
Бул маселелер 2015-жылдын 16-ноябрында Европа Союзунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан К.Аденауэр атындагы фонддун жана “БИОМ” экологиялык кыймылынын «Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү» биргелешкен долбоорунун алкагында өткөн “Билим берүүнүн сапаты саясатын өнүктүрүүдө коомдук уюмдардын ролун жогорулатуу” тегерек үстөлүнүн талкуусунун борборунда болду.
Талкууга КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп жана ЖОЖ мугалимдери, КР Президентине караштуу Билим берүү боюнча коомдук экперттик кеңештин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөлөрү, Россия Федерациясынан келген билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча эксперт катышты. Жалпысынан Тегерек үстөлдүн ишине болжол менен 40 адам катышты.
Тегерек үстөлдө чыгып сүйлөштү: э.и.д. Андрей Зыбкин, Москвадан келген долбоордун эксперти, ал “Билим берүүнүн сапатын баалоонун механизмдерин түзүү жана жарандык коомдун эксперттеринин катышуусу боюнча Россия Федерациясынын тажрыйбасы” темасында баяндама жасады; Светлана Сирмбард, БФЭА ректору, КРда жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт, “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана жогорулатуу: көйгөйлөр жана перспективалуу стратегиялар” бет ачары менен чыгып сүйлөдү. КР БжИМ мониторинг жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Марченко сунуштаган үчүнчү баяндама “Сапаттуу билим берүүнүн жыйынтыктарынын маселелери боюнча коомдун керектөөлөрүн эсепке алуу механизмдерин түзүү” темасына арналды.
Жалпы талкуунун жүрүшүндө Тегерек үстөлдүн катышуучулары бул тема актуалдуу жана өз убагында болуп жатканын белгилешти. Кыргызстандын ченемдик документтеринде азыркыга чейин “билим берүүнүн сапаты” түшүнүгүнүн аныктамасы жок болсо дагы, ал кеңири колдонулат. Бул маселеге Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрү улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн– “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” жаңы программасында көңүл бурулат, мында аталган программанын (2.9) “Коомдун негизи катары адамды өнүктүрүү” бөлүмүндө негизги түшүнүктөрдүн бири өлкөнүн ийгилигинин негизги фактору катары “адам капиталынын сапатын” калыптандыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу “билим берүү чөйрөсүндө … көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына басым жасалышы керек”.
Эксперттер ар кандай деңгээлдерде (Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоодон (ОБЖУБ) тартып класстын жана өзүнчө окуучунун деңгээлинде баалоого чейин) сапатты өлчөөнүн бир катар куралдары турса дагы, азыркыга чейин сапатты баалоонун бирдиктүү өлкөлүк тутуму калыптана элек. Талкууда жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоодогу аккредитациянын ролу, мектеп билимин баалоо тутумунда жаңы ыкмаларды киргизүү зарылчылыгы, ошондой эле маанилүү перспектива катары билим берүү секторун баалоо сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Мындай билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөөлөр жана баалоолор боюнча алынган жыйынтыктар билим берүүнү реформалоо боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтын булагы болушу керек.
Дүйнөлүк практикада билим берүүнүн сапатын негизинен билим берүү тутумунун керектөөчүлөрүнүн (коомдун, ата-энелердин, окуучулардын өздөрүнүн) аларга көрсөтүлгөн кызматка канааттануу деңгээлин баалоо аркылуу аныкталат. Сапатты мындай түшүнүүдө стандарттар аркылуу ишке ашырылган билим берүүнүн мазмуну жана алар менен байланыштуу программалар жана окуу китептери негизги болуп саналат. Бул көз караштан алганда, Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, билим берүүнүн сапаты жогору эмес болуп саналат.
Ошондуктан, акыркы бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан реформанын борборунда Кыргызстандын билим берүү тутумун окутуунун жаңы принциптерине – билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жаңы муундун стандарттарында бекитилген компетенттүүлүк принцибине которуу маселеси турат. Ушуга байланыштуу Тегерек үстөлдүн катышуучулары стандарттарды жана окутуу-методикалык комплекстерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, анын ичинде коомдук Билим берүүнүн стандарттары жана сапаты боюнча координациялык кеңеш сыяктуу билим берүү тумунун өзүнүн жана коомдун керектөөлөрүн макулдашуунун механизмин түзүү жана анын Министрликтин коомдук кеңеши жана башка уюмдар жана эксперттик коомдоштук менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү маселелерин талкуулашты. Жаңы түрдөгү кеңештерди түзүү – стандарттарды, программаларды иштеп чыгуу жана окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) басып чыгаруу монополиясын жеңүүгө, билим берүү тутумунда ченемдик документтердин жана ОМК сапатын камсыздоодо коомчулуктун кеңири чөйрөсүн (бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрү, ата-энелер) жана эксперттерди тартууга багытталган жалпы дүйнөлүк практика.
Тегерек үстөлдүн катышуучуларынын пикири боюнча, Билим берүүнүн стандарттары жана сапаты боюнча координациялык кеңешти түзүү, билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мониторинг процессине Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин, башка эксперттик уюмдардын жигердүү катышуусу бул маселеге туруктуу көңүл буруу үчүн диалогдук аянтчаны түзүүнү жана барлдык деңгээлдеринде билим берүүнүн сапатына жетүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууга шарт түзөт.