Конрад Аденауэр Фонду

www.kas.de/wf/en/
www.kas.de/zentralasien/

Конрад Аденауэр фонду (КАФ) саясий фонд болуп саналат. Германияда жайгашкан 16 аймактык кеңсе менен эки конференц-борбор жарандык билим берүү боюнча программалардын кеңири тизмесин сунуштайт жана ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүбүз дүйнөнүн 120дан ашык мамлекеттеринде 200дөн ашык долбоорлорду ишке ашырууда.

Биз Конрад Аденауэрдин ысымын алып жүргөнүбүзгө сыймыктанабыз. Бул – Германия Федеративдүү Республикасынын биринчи Канцлеринин ысымы жана анын принциптерин жетекчиликке алуу биздин милдетибиз деп эсептейбиз. 1955-жылы “Христиан-демократиялык жарандык билим берүү коому” катары түзүлгөн бул уюм 1964-жылдан тартып биринчи Федералдык Канцлердин ысымын алып жүрөт.

Өз жерибизде да, эл аралык аренада да биздин жарандык-билим берүү программаларыбыз эркиндикти жана ар-намысты колдоого, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө көмөктөшүүгө багытталган. Биз өз ишмердүүлүгүбүздө демократияны бекемдөөгө, Европаны бириктирүүгө жана трансатлантикалык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулабыз.

Илимий-изилдөө жана консалтингдик уюм катары биздин терең изилденген жана илимий-фундаменталдык концепциябыз менен азыркы тапта жүргүзүп жаткан талдоочулук ишмердүүлүгүбүз ыктымал болгон саясий ишмердүүлүк үчүн негиз болуп берет.  Берлин Академиясы саясат, экономика, илим жана коом жаатындагы диалог үчүн улуттук форум болуп саналат.

Биз өткөрүп жаткан конференциялар жана башка иш-чаралар “айта турган сөзүм бар” деген адамдарды өзүнө тартып турат. Биз Германияда жылына 145 миң адам катышкан 2 500дөн ашуун иш-чараларды өткөрүп турабыз. Биз жалаң гана Германиядан эмес, Борбордук жана Чыгыш Европадан, башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн чыккан таланттуу жаштарга материалдык жана моралдык колдоо сунуштайбыз. Биз өзүбүздүн 10 000ден ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз менен тыгыз байланышыбызды үзбөй келе жатабыз