Европа Биримдиги акырындык менен ноу-хау, ресурстарын жана тагдырын бириктирүү туурасында чечим кабыл алган 28 мүчө-мамлекеттен турат. 60 жыл аралыгында ЕБ өз чектерин кеңейтип отурду; мүчө-мамлекеттер стабилдүүлүк, демократия жана туруктуу өнүгүү аймагын куруп, ошол эле учурда маданий көп түрдүүлүктү, толеранттуулукту сактоо менен инсандын эркиндигин кепилдей алышты. Европа Биримдиги анын чегинен тышкары жайгашкан өлкөлөр жана элдер менен өз жетишкендиктери жана баалуулуктары менен бөлүшүүгө ынтызар.

ЕБ Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин уюшулган. Алгачкы кадамдар экономикалык кызматташтыкты арттырууга багытталган болчу: мындагы негизги идея  бири-бири менен соода-сатык алакасы бар өлкөлөр экономикалык жактан көз карандысыз болууга жетишүүсүнө жана жаңжалдарга жол берөөгө негизделген. Натыйжада, 1958-жылы Европа Экономикалык Коомдоштугу түзүлгөн (ЕЭК). Бул накта экономикалык биримдик акырындык менен курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүнөн тартып жардам көрсөтүүгө чейинки маселелерди кучагына алган саясий чөйрөнү камтыган уюмга айланды. 1993-жылы ЕЭК деген аталыш Европа Биримдиги (ЕБ) деп өзгөртүлдү.

Өнүгүү менен катар эле Европа Биримдиги өз бийлик институттарына көңүл буруусун улантып, алардын транспаренттүүлүгү менен демократиялуулугун камсыздап келет. Европа парламенти чоң ыйгарым укуктарга ээ, ал түздөн-түз добуш берүү аркылуу шайланат жана улуттук парламенттердин ролу Европалык институттар менен биргелешип иштөө аркылуу барган сайын жогорулоодо. Өз кезегинде, Европанын жарандары үчүн  саясий процесстерге катышууга барган сайын көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр жаралууда.

Европа тышкы саясат ишмердүүлүгү кызматы (ЕТИК) Европа Биримдигинин дипломатиялык кызматы болуп саналат. Расмий түрдө процесс 2011-жылдын 1-январында башталган жана аталган Кызмат Лиссабон Макулдашуусуна ылайык түзүлгөн болчу. ЕТИКтин негизги милдеттеринин бири болуп Европа Биримдигинин тышкы саясатын ырааттуу жана натыйжалуу жүргүзүү болуп саналат.

Европа тышкы саясат ишмердүүлүгү кызматынын милдеттеринин бири болуп бүткүл дүйнөдө иштеп жаткан жана Евробиримдик менен анын жарандарынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргогон, болжол менен, 140ка жакын ЕБ Делегациялары менен Кеңселерин координациялоо болуп саналат. ЕБ делегациялары анын тышкы саясатын ишке ашырууда негизги ролду ойношот. Алар ЕБнын саясатын коргоо, түшүндүрүү жана ишке ашыруу аркылуу ЕБнын кызыкчылыктарына кызмат кылат: кабыл алуучу мамлекеттерде саясат жана өнүгүү маселелери боюнча талдоо жүргүзүү жана баяндамаларды даярдоо; берилген мандатка ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Саясий диалог уюштуруу, өнүктүрүү максатында жардам берүү маселелерин башкаруу, ЕБнын тышкы соода ишмердүүлүгүн координациялоо жана маданий байланыштарды түзүү – бул ЕБ Делегацияларынын алдына коюлган милдеттердин айрымдары гана. Алар Тышкы саясат ишмердүүлүгү кызматынын жана Европа Комиссиясынын ар кыл бөлүктөрүнөн куралган кызматкерлердин алдына коюлган милдеттер болуп саналат.