“БИОМ” экологиялык кыймылы

www.biom.kg

Чечим кабыл алууга жооптуу адамдарды, адистерди жана окумуштууларды бириктирип турган БИОМ экологиялык кыймылы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Анын милдеттеринин катарына Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азия аймагындагы курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрү кирет.

БИОМдун милдети болуп туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүү жана табигый экотутумду сактоо жолу менен адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу жана курчап турган чөйрөнүн сапатын арттыруу жаатындагы келечектүү жана жагымдуу өзгөрүүлөргө жетишүү болуп саналат. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биздин долбоорлорубузга активдүү катышуусуна жетишүү үчүн биз экологиялык маалымдуулукту арттырууга аракет кылабыз.

БИОМ 1993-жылы түзүлүп, ушул мезгил ичинде билим берүү тутумунда татыктуу тажрыйба топтой алды. БИОМ билим берүүгө байланышкан жаатта терең билим алып, бул чөйрөдөгү кызыкдар адамдар менен жакшы жумушчу байланыштарды түздү. Акыркы жылдар ичинде БИОМ Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган ар кандай программаларды жүргүзүүдө.